Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштарда жөлөкпулга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү кыдырууда.

Жаш балдарды коргоо уюмунун жүргүзгөн изилдөөсүнө караганда  шарты оор болсо да жөлөкпул ала албай жүргөн үй-бүлөлөр бар.

Улубек Кочкоров макамы жок жаңы конуштарда жашаган жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү жолун тиешелүү адистер менен бирге тапмай болду.

Министрдин бул иш-аракеттерин соцтармактарда көпчүлүк колдоп, алкоого алгандар арбын.

Эскерте кетсек, Улукбек Кочкоров 25-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз