Атамбаевдин убагында бийлик тараптан маалымат каражаттарына карата чабул башталып анын ичинде бир топ жеке журналисттерге чейин миллиондогон сом айып пулдар салынганы белгилүү. Атамбаев өзү менин абийириме шек келтирди деп телевидениелерди жаптырып,  жеке журналисттерге чейин айып салбадыбы?  Анын айлана тегерегиндегилер тууралуу учурунда массалык маалымат каражаттары жазышкан. Анын баары чын чыгып. Алар түрмөдө жатышат. Элибизде: “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” – деп, бекер айтылбайса керек. Мындай маалымат каражаттарын жана журналисттерди бийлик адамдары тараптан куугунтуктоо учурда да уланууда. Мындай пикирин укук коргоочу Качкын Булатов сайтыбызга маалымдады.

Качкын Булатов:  “ИИМ министри Кашкар Жунушалиев аброюма шек келтирди деп, “Азия Ньюс” гезитин сотко берип, млн. сомго жыкты. Мындан сырткары вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азия Ньюсту” сотко берип жатат.

Ушул эле учурда бизнесмендерди өлтүрүү күчөдү. Экономикалык кылмыштар өсүп жатат. Крим чөйрөнүн таасири Кыргызстандан сырткары жакка чейин чыгып кетти. Кыргыз көмүрдүн жетекчисин сабап кетти жана башка?.. Күч түзүмдөрү алгач ошолор менен күрөшүүсү зарыл.

Биз журналисттерди коргошубуз керек. Журналистика тармагында коркуу жаралып калды. Мындай учурда сөз эркиндиги жаралбайт. Ошону менен катар эле азыркы соттор да бийликке кошомат кылганын токтотушу зарыл”,-деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.