Мурдагы бийликтин кол баласына айланган Мээрбек Мискенбевге да эми кыйын боло тургансып калды. Жаш кадрларды алып келип жатабыз деген ал бийлик эми далайлардын убалына кала тургансып калды. Алардын алды Сапар Исаков баш болуп,  УКМКнын темир торунун аркасына киргизилди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы “Айкөл Ала-Тоо” жана “Апрель баатырлары” коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши боюнча материалдарды прокуратура топтоп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүп берген.

Маалыматка караганда, “Апрель Баатырлары” апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү уурдаган деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. ​Аны КСДП партиясынан парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектейт. Орун басары Амантур Жамгырчиев.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.