Ukrainian Food Expo (UFExpo) – бул тамак-аш азыктарын жана суусундуктарды өндүрүүчүлөр, улуттук жана эл аралык дистрибьюторлору менен кайра иштетүүчү ишканалар, түйүндүк жана түйүндүк эмес ритейл сатып алуучулар, ресторандык бизнес өкүлдөрү, чет өлкөлүк байерлер, тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдууларды жана технологияларды жеткирүүчүлөр үчүн жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө арналган  аянтча.

Биринчи көргөзмө UFExpo 2017-жылы 23-24-ноябрында  өткөрүлүп, дароо эл аралык деңгээлдеги макамга ээ болгон жана 85 экспонент, 2000 бизнес өкүлдөрү дүйнөнүн 39 өлкөсүнөн катышкан. UFExpo Экинчи көргөзмөсү 2018-жылдын 12-14-декабрында жалпысынан 150 экспонент жана 3200 катышуучуну, алардын арасында дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн келген 1920 бизнес өкүлдөрү жана 1280 Киев шаарынын тургундары жана меймандары болгон.

Ал эми Ukrainian Food Expo 2019 көргөзмөсү 2019-жылдын 27-28-ноябрында Киев шаарынын Броварский проспектиси, 15 дарегинде жайгашкан Эл аралык Көргөзмө борборунда өтөт жана 210 компаниялардын жана дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 5000 жакын катышуучулар болоору күтүлүүдө.

Эгерде кызыктар тараптар болсо Кыргыз Республикасынын Украина Республикасындагы Элчилиги көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.