Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 20-майында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмышка шектүү катары Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүгүү министри Дыйканбаев кармалып жана УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мекеменин маалыматына караганда, Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, сотко чейинки териштирүү башталган.

“Республикага инвестицияларды тартуу жана инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иш-чараларды эске алуу менен, мындай кылмыштарга катышкан мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматына жана эмгегине карабастан жоопко тартылат”, – деп жазылат билдирүүдө.

Жазык кодексинин 326-беренесинин (Пара талап кылуу) негизинде кармалган жетекчинин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аныкталат.

35 жаштагы Дыйканбаев министрлик кызматка эки апта мурда дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.