“Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык ишке барган деген шек менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

“Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.

Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруудагы коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү улантууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.