Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармаган видеосун жарыялады.

Эл өкүлү коррупцияга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. УКМК жарыялаган видео кадрдан депутаттын колуна кишен салынып, атайын кызматтын куралчан аскерлери учактан түшүрүп, андан соң УКМКнын имаратына алып кирип бара жатканын көрүүгө болот.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште “Бир Бол” фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.