Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын кызматкерин миң доллар пара алып жаткан учурда кармады. Ишенимдүү булактар билдиргендей, ал күнөөсүн толук мойнуна алып, миң долларды жүз эселеп, тактап айтканда, 100 миң доллар кылып мамлекеттин эсебине кайтаргандан кийин коё берилген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.