УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тууралуу Акыйкатчы институтунун кызматкерлери маалымат таркатты. Ал маалыматка караганда, аталган институттун кызматкерлери буга чейин да, азыр да  УКМКга барышып, анын ден соолугу менен жеринде таанышып турушат.

Сатыбалдиев 2013-жылы анын жүрөгүнө операция жасалып, маал-маалы менен текшерүүдөн өтүп, дарыланып турчу. Дарыгерлер ага көп басууну жана текшерүүдөн өтүп турууну айтышкан. Ж. Сатыбалдиев камакка алынгандан кийин анын абалы тез тез начарлап, тез жардам кызматын чакырган учурлар болгон. Азыркы күндөрү Сатыбалдиев оорудан улам түнкүсүн уктай албай жатат.

Эске сала  кетсек, Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнь күнү Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон иш боюнча кармалган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.