Быйылкы жыл жаанчыл болгону менен түнкү аба жылуу болбой, чөптүн өсүмү жакшы болбоду.

Андыктан азыр чөп кымбат.

Чүй өрөөнүндө бир түк чөптүн баасы 180 сомдун айланасында болсо, түштүк аймагында 200 сомдон жогору.

Учурда фермерлердин, мал кармагандардын шашкылары кете баштады.

Эми эле баа ушунча болуп, тоют  аз болуп жатат, кыштын аягында не кылабыз дешип.

Эгер арпа, буудайдын саманын талаага калтырбай жыйнап албаса кышында абал оор болчудай.

Баягы 2011- дылдагыдай малга жут болуп, бир түк чөптүн баасы 800-1000 сомго чыкпаса болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.