Франциянын тоолорундагы куткаруу операциясында тартылып алынган тасма соцтармактарда дуу жаратты. Куткаруу тобунда иштеген учкуч өзгөчө кырдаалдарга тик учакты чебер колдоно билгендиги үчүн алкоого алынды. 

 Бруно аттуу 19 жаштагы альпинист тоолордо кыдырып жүрүп, тизесинен жаракат алган. Жаш жигитке жардам берүүгө куткаруу тобу тик учак менен жөнөтүлгөн. Мындай маалыматты The Daily порталы таркатты. 

Учак учкучтун чебердиги менен жабырлануучу турган жерге жакын учуп барган, канаттары аскага бир нече сантиментр гана жетпей калган. Мындай чебердикке баары таң калган. Алгач балага дарыгерлер биринчи жардам көрсөтүп, алып кетишкен. 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз