2020-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 4,2 млрд. долларды түзүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,6% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Анда айтылгандай, тогуз айдагы көрсөткүчтө негизинен импорт кыскарды. Сырттан товар алуу 28,1% түштү. Ошол эле убакта экспорт 10,5% өстү. 2020-жылдын январь-сентябрында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 1,8 млрд. долларды түздү жана 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 12% азайды. Мунун ичинен экспорт 12%, импорт 11,9% кыскарды. Тышкы соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү эки ай убакытка кечигип чыгат. Он айдын көрсөткүчтөрү кийинчерээк жарыяланат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.