Финансы министрлиги Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачуу боюнча чыккан токтом долбоорун жарыялады. Анда бардык каалоочу жарандар, ишкерлер же юридикалык тараптар өлкөнүн карызын төлөө үчүн каражат которо алары жазылган. Эсеп ачууга калктын карыздан кутулууга көмөк көрсөтүү ниети менен кайрылганы негиз болгон. Мындай жол менен республикалык бюджетке келтирилген оорчулукту жеңилдетүү көздөлүп жатат. Финансы министрлиги 30-сентябрга карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 171 миллион доллар экенин билдирди. Ал эми жыл башынан бери 9 миллиард 991 миллион 400 миң сом төлөнгөн. Анын ичинен 7 миллиард 446 миллион 400 миңи — негизги сумма, калганы пайыздары. Бул сумма республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 8,4 пайызын түзөт. Финансисттер тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги 2025-2031-жылдарга туш келерин белгилейт. Ал учурда жыл сайын 400 миллион доллар которуп туруу шарт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.