Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын өлкөбүздөгү элчиси Назирмад Ализода чакыртылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда кыргыз элчилиги Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзү эки элдин ынтымагына доо кетирип жаткандыгы айтылган. Ошондой эле калп айтуу менен тарыхты бурмалоого жасалган аракет деп эсептейт. Андыктан расмий Дүйшөмбүдөн жооп күтөрүн билдирген.

Эске сала кетсек, интернетте тараган маалыматтарга караганда, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувонов “Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деп айткан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.