–  Батукаев боюнча  иш аягына жетпей, чала-чарпык бойдон калып кеткен. Парламент чечим чыгарган, президент, өкмөт эч кандай чара колдонгон эмес. Жазалансын деген 22 кишинин 21и жазаланган жок, бир гана мен кызматтан алындым. Батукаевдин иши боюнча ким күнөөлүү экени билинбей калып кеткен. Бул бийлик ушул ишти жандандырып, аягына чыкканга аракет кылып жатканына сүйүнүп жатам. Азамат деш гана керек. Мында Атамбаевден өч алайын же камайын деген максат жок.

– Батукаевди бошоткон Нарындан кеткен жол Атамбаевге алып барабы?

– Бул жол түз эле Атамбаевге барып такалат. Кыргызда “Балык башынан сасыйт” деген сөз бар. Батукаевди Атамбаев өзү кетирбесе, башында туруп көзөмөлдөбөсө, сот дагы чечим кабыл ала алмак эмес, паспорт дагы жасалмак эмес, Рысалиевдин командасы коштоп келмек эмес, врачтар өлүп калат деген диагноз коймок эмес, аэропортко алып кетчү самолёт учуп келмек эмес. Бул алындын ала сүйлөшүлгөн, пландалган, Атамбаев башында турган иш. Ошондуктан, биринчи кезекте жоопкерчиликке Атамбаевди тартып, андан кийин мамлекеттик органдардын кызматкерлери кетиши керек.

– Ошол кезде вице-премьер-министр болуп, күч структураларын көзөмөлдөгөн Шамиль Атаханов маек берип, бул иште таза экенин, маселени чечүүдө күчү жетпей турган болгонун айтты. Сиз ишендиңизби?

– Шамиль Атахановду актанып, кыйкырып жаткан адамдарга караганда бир топ жогору турган адам деп эсептейм. Бирок, “Менин, баламдын буга тийешеси жок” деп актанганына ишене албайм. “Куловго таң калам, Атамбаев менен сүйлөшкөн сөзүнүн баарын коомчулукка кантип чыгарат?” деп айтып жатпайбы. Анын маегин дыкат окуп чыктым, Атамбаев тууралуу бир нерсени айта албай жатат. Айтканга духу жетпей турат.

– Кулов ““Феликс Шаршенбаевич, Батукаев тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Сиздин оюңуз кандай?” деп айтып калды. Аны бошотуп жибербедиби, эми менден эмне үчүн сурап жатасыз?- дедим. Атамбаев “Мага вице-премьер-министр Шамиль Атаханов келип, “ Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки “мыйзамдагы уурунун” ортосундагы тиреш күчөйт. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби? ” деп суранды. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгом” деп айткан” деп мага маек берген. Шамиль Атаханов экс-президент Атамбаевге кирбегенин айтты. Кимиси өлүмүш болуп жатат?

– Атамбаев өлүмүш болууда. Ал киши Атахановду, Сагинбаеваны, Рысалиев баштаган министрлерди курмандыкка чаап жатат. Атаханов жөн гана “Винтик” да. Вице-премьер-министр эмнени чече алмак эле? Ошондуктан, Атамбаев камалышы керек. Атамбаевди камай албаса чоң нааразычылык жаралат. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун өзүнө күч келет. Мен Атамбаевдин кандай тийешеси бар экенин далилдегенге аракет кылам.

– Сизге Бусурманкул Табалдиев эмне деп кайрылган?

–  10-апрель күнү үйдөн жумушка келатсам, “Акипресстен” бир кыз телефон чалып “Байке, сиз Батукаевдин чыкканын уктуңузбу?” деп сурады. Ооба, уктум дедим. “Грозныйга учуп кеткенинчи?” деди. Жок, учуп кетиптирби?-деп таң калдым. Кабинетке келсем телефон шыңгырады. Бусурманкул Табалдиев Беркутович экен. “Турсунбек Акунович, бир өтүнүч. Кечээ учуп кеткенин уктуңуз да” деди. Азыр уктум, аны неге кетирип жибересиңер?!- дедим. “Батукаев боюнча комментарий берип коёсузбу? Башка чиновниктерге журналисттер чыкса, алар телефонун өчүрүп, бир нерсе айткандан качып жатышат. Маалыматтык согуш катуу болууда. Сиз айтып койбойсузбу?” деп суранды. 10-15 мүнөт өтпөй эле журналисттер кабинетиме камералар менен кирип келишти. Бул атайын даярдалган. Мени “крайный” кылгысы келишкен. Табалдиев “Эми, сиз түшүнөсүз да” деп, тиги киши айтып жатат дегендей кылды. Атамбаев суранып жатканын билдим.

– Бул иштин башында Атамбаев өзү турган болсо, ким көзөмөлгө алып турган?

– Атамбаев башында турган, көзөмөлдөгөн президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев болгон. Муну эч ким айта элек. Табалдиев президенттик аппараттын коопсуздук, коргонуу бөлүмүнүн башчысы болчу. Данияр Нарымбаев экөөбүз классташпыз, бир мектепте окуганбыз. Ал менин журналисттерге ачык экеними жакшы билет. Атамбаев, Табалдиев, Нарымбаев үчөө сүйлөшүп, Турсунбек Акунду айттырабыз дешти да.

– Атамбаев менен Нарымбаев экөө ушул иштин башында турганы тууралуу далил барбы?

– Сенден эч нерсени жашырбайм да, аны өзүң деле билесиң. Бир фактыны ачык сага айтайын. Данияр Нарымбаев менен жолуккам. Данияр, Болот Шер баштаган депутаттык комиссия “Табалдиевди ким айттырганын айтып бер” деп жатышат, эмне кылайын, айтайынбы?- десем, “Туке, биз сени алып калабыз. Айта көрбө. Атамбаев өзү Батукаев боюнча баарын көзөмөлдөп жатат, баары Атамбаевдин көзөмөлүндө…” деп жалдырап жиберген. Нарымбаев менен жолугуштурса, анын көзүнчө ушуну айтып бере алам.

– Суракка бардыңызбы?

–  Бардым, 5 саат сурак бердим. Баарын айтып, көрсөтмө бердим.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз