Мен журналисттерге маек бергенде, баарына айтып келатам. Батукаевдин чыгарылышы боюнча биринчи кезекте Атамбаев күнөөлүү. Мындай пикирин мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун “АЗИЯnews” гезитине берген маегинде айтты.

Турсунбек Акун: “Дагы айтам, ошол кездеги мамлекет башчысы өзү башында туруп, ушу ишти көзөмөлдөбөсө, бир сутка ичинде бардык операция бүтүп, крим төбөл качып кете алмак эмес. Бул иш ошол учурдагы президенттин гана макулдугунун негизинде ишке ашкан”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз