Кыргызстандын туристтик тармактарында аздан болсо да ийгиликтер жаралып келе жатканы маалым. Кыргызстанга алыскы өлкөлөрдөн келишкен туристтер аркылуу  европа өлкөлөрү угуп, билип алардын жергебизге кызыгуулары артып жатканы байкалат. Бирок, ошентсе да өнүккөн мамлекеттердин эс алуучуларын тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарыбыз жетишсиз экендиги талашсыз. Маселен, ошол эле дааратканалар талапка жооп бербейт. Андыктан, туристтерге ыңгайлуу шарт түзүш үчүн Бишкек – Чолпон-Ата унаа жолунун боюндагы дааратканаларды ишкерлерге өткөрүп берүү каралып жатканын туризм департаментинин жетекчиси маалымдоодо.

Анын маалыматына караганда, буга чейин да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караган бир нече даараткана курулуп, бирок толук максатына жетпей келет.

Азамат Жамангулов: “Жолдун боюнда 10-15 сотка жер болсо, бардык керектүү шарттарды түзүп, канализациясын өткөрүп, жарыгын кошуп берели” деп айтып эле келе жатабыз. Азыр көлгө бара турган жолдо 20-25 токтой турган жер аныкталды. Бул жерлерди эми жеке секторго бере баштайбыз. Биз даараткананын жанына кичинекей дүкөн, кофекана, туристтик маалымдама берүүчү стенддер сыяктуу чакан долбоорду иштеп чыктык, ошол стандартка ылайык курушат, – дейт.

Жыл сайын Ысык-Көлгө келип эс алып кеткен туристтердин саны миллиондон ашат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.