Бириккен Улуттар уюмунун туризм тармагы боюнча иш алып барган мекемеси дүйнө жүзүндө туризм тармагы быйыл 320 миллиард доллар кирешеден кур жалак калаарын айткан.
Албетте буга таажылуу вирус пандемиясы себепкер.
Акыркы эле беш айда былтыркы жылга салыштырмалуу туризм 56 пайызга кыскарган.
Ал эми май айында өткөн жылдын май айына салыштырганда дүйнөдөгү туристтик жайларга саякат жасагандардын саны 98 пайызга кыскарып, дээрлик тармактын иши толук токтогон.
Андыктан аталган тармактын иши пандемиянын жаалы минималдык чекке азайышы менен дароо жандандыруу зарылдыгы белгиленген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.