Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан 2018-жылдын туристтик сезон маалында коомдук тартип менен жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар уюштуруучулук иш чаралар жүргүзүлдү. Мындай маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнү республика аймагында 366 курорттук-саламаттыкты чыңдоо мекемелери бар. Элдер көп эс алган жайларда коомдук коопсуздукту 3000 ашуун милиция кызматкерлери менен 2000 жакын ыктыярлуу элдик кошуундар камсыздайт.

Ысык-Көл облусунун аймагына ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 200 кызматкери тартылат. Ал эми, милиция кызматкерлеринин санын өсүшү өлкөдөгү ыкчам кырдаалга жана туристтердин келүүсүнө жараша болот. Ысык-көлдүн жээгинде милиция кызматкерлеринин жайгаштырылуусу аталган аймакты тейлеген курорттук-саламаттыкты чыңдоо мекемелеринин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен иш-жүзүнө ашат.

Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ИИОнун күчүн жана каражаттарын эсепке алууну макулдашуу максатында Ысык-Көл РИИБдин Бостери айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсүндө Ыкчам штаб түзүлдү. Жарандардын кайрылуулары жана арыздарын кабыл алуу менен ага ыкчам аракеттенүү, андан сырткары, эс алуучуларга тиешелүү деңгээлде жардам көрсөтүү үчүн Ыкчам штабдын кызматкерлери күнү-түнү кызматын өтөшөт.

Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузбоо максатында туристтер менен пикир алышуу үчүн өздүк курам даярдыктан өткөрүлдү. Коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган кызматкер тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жасалбашы үчүн Ысык-Көл ОИИБдин башчыларынан жана кызматкерлери кирген офицердик патруль түзүлдү.

Республика аймагында туруктуулукту камсыздоо жана кылмыштарды аныктоо, иликтөө жана ага бөгөт коюу максатында ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын туристтик сезон маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көчмө посттору жайгаштырылды: «Кордай (Казахстан)–Бишкек», «Манас» Аэропорту -Бишкек», «Түндүк бурулуш жолу –Бишкек», «Бишкек-Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол». Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү фото-видеону фиксация кылган видео-регистраторлор, радардык жабдуулар (Визир) менен камсыздалган, автоунаанын кузовунда ишеним телефондору көрсөтүлгөн (ИИМ-66-23-31; ЖКККББ–63-09-00; 63-09-01) патрулдук автоунаалар менен гана бөлүштүрүлүп, бекитилген постторго ылайык кызматта болушат. Баардык патрулдук экипаждар POS-терминалдар менен камсыздалган. Жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар же эс алуучулар айып пулду терминал аркылуу («Виза», «Золотая корона», «Эл-карт» жана «Мастер карт») төлөөгө ыңгайлаштырылган. Жогорудагы ишеним телефондору стикерлер менен баннерлерде жазылуу.

Андын сырткары, туристтик сезон маалында, Боом капчыгайында, Кемин районунда, Төө-Ашуу өтмөгүндөгү «Бишкек-Ош» автожолунда ЖКККББнын күнү-түнү иштей турган посту уюштурулуп, жол-транспорттук кырсык катталган жерге өз убагында барып, жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ӨКМдин тез жардам каретасы менен куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулду.

Күнү-түнү иштей турган Каргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам бере тургандардын ишеним телефондору боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылуусу тууралуу маалыматты камтыган атайын стикерлер иштелип чыкты. Аталган стикерлер Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк туристтерге төмөнкү көзөмөл өткөрүү пункттардан өтүү учурунда таратылмакчы: «Чалдовар», «Ак-Жол», «Кара-Дарыя».

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.