Философия илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев КР Өкмөтүнө караштуу “Манас»” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Топчубек Тургуналиев буга чейин И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Манас таануу институтун жетектеп келген. Ал эми учурда ал жетектей турган академия үстүбүздөгү жылдын 31-январында түзүлгөн.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз