Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыгына ылайык, Турдуназир Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш башкаруучусу болуп дайындалды.Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Турдуназир Бекбоев буга чейин бир топ мамлекеттик кызматтарды аркалап келген. 2001 – 2004 – жылдары Ноокен, Сузак, Токтогул райондорунда аким.

2006 – 2009 жылдары Жалал – Абад шаарынын вице-мэри кызматын аркалаган. 2009 – 2010 – жылдары Жалал – Абад облустук администрациясынын жетекчисинин орун басары болгон. 2015 -2016 – жылдары Айыл чарба жана мелиорация министри. 2017 -2018 – жылдары президенттик аппаратта бөлүм башчылык кызматта иштеп турган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз