Элүү миң доллар пара алып жаткан жеринен транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары А.Ж. кармалды. Бул маалыматты УКМКнын маалымат кызматы тастыктады.

Ал 5-декабрда козголгон кылмыш ишинен негизинде кармалган.

Министрликтин сайтында орун басарлык кызматта Азимкан Жусубалиев  иштеп жатканы жазылып турат. Жусубалиев бул кызматта 2017-жылдын февралынан бери эмгектенип келген.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз