Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 7-январь күнү коррупцияга шек саналып кармалды. Бул маалыматты Финансы полициясы тастыктады. Маалыматка ылайык, Мамыркалиев учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Өткөн жылы Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Бишкек-Ош” мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө шек саналып кармалганы кабарланган. Алар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген магистралдагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн автоунаалардан түшкөн каражаттын чыныгы суммасын жашырган деген шек менен кармалышкан. Финпол мындан мамлекетке келтирилген зыян 20 млн. сом деп баалаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.