Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алардын иши Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен териштирилип жатканын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, “Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун айрым кызматкерлери оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан акча талап кылып системалуу түрдө каражат алып турган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.