Токтогул толбойт, жарык өчпөйт
Улуттук электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык жылытуу сезону башталгыча Токтогул суу сактагычына алдын ала болжол менен 14 млрд 900 млн куб суу жыйналмакчы.
Бүгүнкү күндө суу сактагычта 14 млрд 411млн куб суу бар.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 млрд кубка аз.
Анткен менен маал маалы менен жарыкты өчүрүү болбойт экен.
Ушул тапта кийинчерээк тартыш боло турган электр энергиясын коңшу Казакстандан импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатыптыр.
Албетте калк тарабынан да электр энергиясын үнөмдөө аракети жасалышы шарт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.