Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттаган Токтобүбү Оргалча жарандыгы жана бийлик менен байланышы жөнүндө билдирүү таратты.

Ал интернет айдыңында айтылып жаткандарды курулай ушак деп атады. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуусун “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

“Эл ичинде мен жөнүндө аябагандай чоң ушак айланып жатат. Мени уйгур, кытай, тыңчы кылып атышат. Бул такыр чындыкка дал келбейт. Мен Ат-Башыдан кеткен чериктин кызымын. 1916-жылы чоң аталарыбыз Ат-Башыдан Кытайга үрккөн”, – деди Оргалча.

Ал кыргыз жарандыгын алган учурда кытай жарандыгынан расмий баш тартканын билдирди. Токтобүбү Оргалча президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова менен эч кандай тааныштыгы жок экенин, бирок азыркы бийликтин саясатын колдой турганын белгиледи.

Оргалча ага мандат мыйзамдуу тийгенин дагы кошумчалады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.