Бүгүн, 2020-жылдын 16-январында  Акыйкатчысы Токон Мамытов кыйноолорго жана катаал мамилелерге каршы иш-аракеттерди күчөтүү максатында “Голос свободы” коомдук фонду менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.

Кылмышка шектүүлөргө жана камакта отургандарга карата кыйноолор көп колдонулуп жаткандыктан, Акыйкатчы ИИБ имараттарына жана эркиндигинен ажыраган жайларга коомдук көзөмөлдөө механизмин колдонууну максат кылууда. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 6-мартында кол коюлган ушундай эле меморандумдун мөөнөтү 2020-жылдын 1-январында аяктаган. Демилгенин биринчи баскычына ылайык, Бишкек ш. ИИБ обьектилери (РИИБ, ШМБ) 27 обьектиси жана ШИИБ убактылуу кармоочу жайларында күчөтүлгөн иштер жүрдү.

Акыйкатчы Токон Мамытов “Голос свободы” коомдук фонду менен Акыйкатчы инситутунун ортосундагы кызматташуу убактылуу кармоочу жайларда жаткандардын абалын жакшыртып, ошондой эле өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына шарт түзөөрүнө үмүт артаарын билдирди.  Фонддун жетекчиси Сардар Багышбековдун айтымында, өз  ара кызматташуунун негизинде I фазанын жыйынтыгы менен  ачыкка чыккан фактылардын ичинен 16 материал  Акыйкатчысынын  2019-жыл үчүн жылдык баяндамасына кирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.