Бүгүн, 12-июнда Казакстандын борбору Нур-Султан калаасында Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи өтүп жатат. Бул туурасында казак басылмалары билдирди.

Президенттик милдетти кабыл алуу салтанатына Казакстанда катталган дипломаттар келет. Иш-чарага чет элдик коноктор чакырылган эмес.

Эске салсак, 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өткөн. Анда, Касым-Жомарт Токаев 70,96 пайыз добушка ээ болуп, жеңүүчү деп таанылган. Добуш берүүгө шайлоочулардын 77,4 %ы катышкан.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз