Кыргыз элинин каада салтындагы эң чоң өзгөчөлүк түрү көп тойлор.
Туулганда бешик той менен башталып аягы өлгөндөн кийин аш той менен бүтөт.
Дегенибиз жашообузда көп эле нерсени чектеп же тыйсак болот экен.
Бирок кыргыздын тойун токтотуу мүмкүн эмес экен.
Таажылуу вирус пандемиясына байланыштуу карантиндин эрежелеринин бири массалык түрдө эл топтоп аш, тойлорду өткөрүүгө тыйуу салынган.
Атайын эреже иштелип чыгып, катаал карантинди жумшартып элүү кишиден ашпаган чакан үлпөттөргө уруксат берилген.
Ошого карабастан акыркы аптада борбоубуз Бишкектин бир катар тойканаларында катары менен толтура эл катышкан тойлордун болуп жаткандыгы белгилүү болуп, керек болсо тийиштүү мамлекеттик көзөмөл органдары айып пул салып жатышкандыгы айтылууда.
Мында негизги бир кемчилик той өткөргөн тойкананын ээсине бар болгону 3000 сом айып пул салынганы болууда.
Элестете бериңиз 300 киши катышкан тойдон түшкөн киреше бери дегенде 150 000 сом болот. Андан 3000 сом эмес 30 000 айып пул төлөө тойкананын эсине түккө арзыбайтго.
Андыктан айып пулду эселеп көбөйтүп, тойкананы кеминде жарым жылга дароо жаап салыш керек!
Керек болсо той ээлерине да айып пул салуу зарыл!

Антпесе тойлорду, ысык суук мааракелерди өткөрө беришет.
Каада салттан элдин, улуттун ден соолугу алда канча маанилүү!

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.