Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна биринчи иш сапары менен барды.

Министр Э.Чодуев, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү дыйкан-фермерлер менен жолукту. Жолугушууда айыл чарба багытында сугат каналдарды калыбына келтирүү, жайыт маселеси, кайра иштетүү жана башка көйгөйлөрдү угуп элдин сунуштарын талкуулашты.

Иш сапарында Тогуз-Торо районунун аймагында жайгашкан “Чоң Ак-Күп”, “Ак-Талаа”, “Доржу” сугат каналдарын жеринен көрүп, “Атай мамлекеттик үрөн чарбасы” менен таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө, суу каналдарындагы көйгөйлүү маселелерди Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Айбек Кожошов жана жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте талкуулашып, көйгөйлөрдү чечүүнү Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиевке тапшырды.

Мындан сырткары Министр Эркинбек Чодуев кайра иштетүүдө иш-аракеттер жүрбөй жаткандыгын баса белгилеп, Тогуз–Торо райондук агрардык башкармалыгынын башчысына тийиштүү чара колдоноорун билдирди, ошондой эле «Атай мамлекеттик үрөн чарбасынын» үлүш жериндеги маселени бир ай убакыт аралыгында чечип берүүгө аракет кыларын айтты.

Аким Айбек Кожошов: “Биздин район борбордон алыс жолу татаал болгондуктан 12-жылдан бери айыл чарба министрлери кабар алып келген жок. Министр сизге, жалпы райондун элдеринин жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем- деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз