Анын басымдуу бөлүгү россияда эмгектенип жатышкан эмгек мигранттарынан келген.  Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин  жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Өкмөт башчы мигранттар которгон каражат 2016-жылкы көрсөткүчтөн 20 пайызга көп экенин кошумчалады.

Мухаммедкалый Абылгазиев: “2017-жылы мигранттардан 2,4 миллиард доллар которулду. 2016-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү.

“Манас”, “Ош” аэропортун модернизациялоого 1,1 миллиард сом каражат жумшалды. Чек арадагы 4 пунктту реконструкциялоого 144 миллион сом берилди. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду тарабынан 822 долбоорду колдоого 311 миллион доллар каражат бөлүндү” – деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз