• Жогорку Кеңеш Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды
 21-10-2020 19:14

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги сунушталды. Аны бул кызматка президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров көрсөткөн.

Эл өкүлдөр айыл чарбасын көтөрүү боюнча Тилек Токтогазиевдин пландарына, тажрыйбасына кызыгышты. Депутат Үмбөталы Кыдыралиев “Сиз мурда мамлекеттик кызматта иштеген белеңиз?” деген суроо берди.  Тилек Токтогазиев бул суроого жооп берип жатып ТИМде тажрыйбадан өткөнүн айтты. Ошондой эле айыл чарба министрлиги менен бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырганын кошумчалады.  Учурда ИДПда айыл чарбасынын көлөмү 10%га да жетпей калганын белгилеп, депутат Үмбөталы Кыдыралиев  ушул оор тармакты өнүктүрүү боюнча кандай кадам жасай турганын сурады.  Тилек Токтогазиев айыл чарбасына жаңы технологияларды алып келүү, майда чарбаларды бириктирүү, тармакты санариптештирүү, тышкы рынокко чыгуу жана дыйкандардын кирешесин жогорулатуу максаты бар экенине токтолду.

Бир катар депутаттар мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок экенине карабай, реформа кылам деген демилгелүү жаштарга мүмкүнчүлүк берүү зарыл деген пикирлерин билдиришти.

Талкуу жыйынтыгында парламент Тилек Токтогазиевди Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине дайындоого макулдугун берип, атайын токтом кабыл алды.

Буга чейин аталган талапкерди Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери колдогон.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.