Бүгүн, 10-январга караган түнү  саат 03:00 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай айылында Бишкек шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган Улан Койчиевди аталган айылдын жашоочусу Аскат аттуу жаран белгисиз  ок атуучу курал менен көкүрөк тушуна атып жиберген. Анын кесепетинен,  ок тийген жаран Ала-Бука райондук ооруканага жетпей  каза болгон. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнын басма өз кызматы билдирди.

“Окуя, пикир келишпестиктин натыйжасында келип чыккан. Шектүү мас абалда болгондуктан автоунаасындагы Иж 16 калибирлүү сайсыз кош ооздуу ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан У. Койчиевди көкүрөк тарабына аткан. Андан соң, кылмыш болгон жерден качып кеткен”-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү кызматкерлер окуя болгон жерге барышкан. Оперативтүү иликтөө иш-чараларынын  жыйынтыгында шектүү катарында, Терек-Сай айылынын тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз