Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков «Issyk-Kul Swim Challenge 2019» акциясына катышып Ысык-Көлдү сүзүп өтүштү. 

Таңкы саат 06:19да Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы көл жээгинен старт алып Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейин 14 чакырымды сүзүп өтүшкөн.

Биринчи болуп Эмил Турусбеков (4 cаат 48 мүнөт), экинчи болуп депутат Бактыбек Турусбеков келди. Ал эми Темир Сариев 11-болуп келди. Ал эми кыздардын арасынан биринчилерден болуп 26 жаштагы Алина Меремьянина сүзүп келди.

Бул мелдешти уюштурган «Nomad sport» коомдук фондунун жетекчиси Канат Келсинбеков аталган иш-чара акыркы үч жылдан бери өтүп жатканын жана ал аймактагы спорттук туризмди өнүктүрүүгө багытталганын айтты.

«Акция быйыл үчүнчү жолу өтүп жатат. Биринчи жолу болгону беш киши катышкан. Быйыл алардын саны 22ге жетти. Алтоо кыздар. Жакынкы эки жылда биз катышуучулардын санын 200 кишиге жеткиребиз деп тилек кылып атабыз», – деди Келсинбеков.

Быйыл акцияга жалпысынан 22 киши катышты, булар Кыргызстан, Орусия жана Казакстан.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз