Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өзбек драматургу Шароф Башбековдун “Темир аял” пьесасы Эркин Эгенбердиевдин режиссерлугу астында коюлат. Бул туурасында театрдын басма сөз кызматы билдирди.

Спектаклдин премьерасы 15-мартка белгиленген. Андан сырткары, 16, 17 жана 21-март күндөрү тартууланмакчы.

Маалыматта башкы ролдорду Аскат Сулайманов, Камчы Сарыбаев, Альбина Имашова, Жаңылай Исакова ойной турганы айтылат.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз