Телеканал жөнүндө

NewTV [new television] бренди менен таанымал “2 Канал” ЖЧКсы Кыргыз Республикасындагы динамикалуу өнүгүп келе жаткан телеканал болуп саналат. Биздин канал күн сайын коомдогу орчундуу темаларды түз эфирде саясий, социалдык жана көңүл ачуучу берүүлөр менен чагылдырып турат. Саат сайын түз эфирде өлкө аймагындагы акыркы жаңылыктар кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлөт. Эфирдин күнүмдүк көлөмүн 17 саатты түзсө, анын 9-10 саатын өздүк контентте даярдалган эфирлер камтыйт. NewTV каналы өлкөнүн бүткүл аймагына биринчилерден болуп жогорку сапаттагы full HD форматында заманбап санариптик берүүдө чыгып баштаган. Биздин телеканал 2017-жылдын сентябрь айынан тарта Европа жана Азия континеттеринин 80ден ашуун өлкөлөрүндө спутник аркылуу өз көрөрмандарынын аймагын кеңейте алды. Чыгармачыл жамаат ар дайым телеканалдын мыкты болушуна жана өнүгүшүнө тынымсыз изденүү менен аракет жасайт. Өлкөдө чыныгы демократиялуу коомду курууга, жарандарды ачык жана так маалымат менен камсыздоодо телеканалдын ролу чоң деп ойлойбуз. Эң башкысы чагылдырылган маалыматтар обьективдүү, жеткиликтүү, ар-тараптуу жана актуалдуу болушу телеканалдын редакциялык саясатынын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет.