“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев ооруканада дарылануусунун аяктагандыгына байланыштуу мурдатан жазасын өтөп жаткан  № 47  абакка которулду. Мындай маалыматты жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал мындан ары жазасын өтөп жаткан №47 абакта кадимки тартипте жазасын өтөйт.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматына караганда, президенттик аппараттын укуктук бөлүмү  “ырайым берүүгө болбойт” деген тыянак чыгарган. Кээ  саясий күчтөргө Текебаевдин азыр абакта отурганы ыңгайлуу болуп турат көрүнөт.

Ошенткен менен Ө. Текебаев менен кошо камалган Д. Чотонов жаз айларында мыйзамдык шарттардын негизинде жатак абакка которулушу айтылууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз