Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин абактан бошонуусу, Өмүрбек Бабановдун бозгундан кайтып келиши өлкөнүн саясий айдыңында бир топ кызыгууларды жарата алды. Бул эки ири  окуянын артында бир топ байкалбаган саясий оюндар жаткандыгын болголосо болот. Мындайды байкаган бийлик тарап да жөн калчудай эмес. Буга чейин кетирген кемчиликтерине бир кылчайып, анын кесепеттеринен арылуу аракетинде. Атамбаев “чалган балчыктан” чыга албай келе жаткандыгы ушундай абалга түртүп койду.

Расмий бийлик үчүн Текебаевге караганда, Бабанов бир топ опурталдуу экендиги маалым. Бабановдун президенттикке болгон амбициясы эле эмне деген коркунуч жарата алат. Текебаев болсо, абакта учурунда президент болчу учурун өткөрүп жибергендигин айтканы бар. Анын үстүнө Текебаев каржылык жактан чектелүү. Түштүк тарапта анчалык деле аброюу бийик эмес. Батышчыл саясаты карманганынан улам  карапайым калктын арасында анчалык деле колдоого ээ болбой келгендиги белгилүү. Ошенткен менен Текебаев саясаттагы узак жолунда абакка отуруп чыгышы менен өзүн саясатта бир топ реабилитация кылып алгандыгы анык. Учурда коомчулуктун жоон топ колдоосуна ээ.

Бийлик менен Текебаевди бириктирген эмне?

Расмий бийлик Текебаевди абактан бошотуу аркылуу өлкөдө Атамбаев камалгандан кийинки чыңалууну басаңдата алды. Бийлик мындай кадамы менен эки коенду бир атып, саясий максатын бекемдегенге кадам таштады. Бир жагынан Текебаевдин жактоочуларын ыраазы кылуу менен саясатта кимдер менен болорун тактап, аныктап алгандай таасир калтырат.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Текебаевдин ортосунда буга чейин жекелик түрдө кер-мур айтышкан айрым учурлар эле болбосо, анчалык ажырымды байкоого болбойт. Тескерисинче саясий көз караштары жагынан окшоштуктары бар. Текебаев узак жылдар социалистик көз караштагы “Ата  Мекен” партиясынын лидери катары батыштын баалуулуктарын колдоп келет. Кезинде парламенттик башкаруунун атасы катары таанылган. Азыр деле андай көз карашынан чегинген жок. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден көп өтпөй Евросоюз менен мамиле түзөөрүн колдогондугун билдирген. Демократиянын атасы АКШ менен жаңы кызматташтык келишимин түзүп жаткандыгы маалым. Негинен кыскартып айтканда экөөсү тең демократиялык көз караштагы саясатчылар.

Мындан сырткары Президент Жээнбеков да кезинде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Ош облусун жетектеп турганда Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетишине себепкер болгон. Ал эмгеги менен республиканын түштүгүндө тынчтыкты сактап калууга ири салым кошо алган.

Ал эми Бабановдун бозгундан келишинин себептерин эки жактуу божомолдогондор жок эмес. Биринчиси, Атамбаев камалгандан кийин буга чейин расмий бийликке анчалык ичи чыкпай келген Талас облусунун элин ыраазы кылуу максатында Бабановго келгенге уруксат берилди дегендер да жок эмес.

Экинчиден, Бабанов капчык десе капчыктуу, өлкөнүн ичинде эле эмес сырткы өлкө жетекчилеринде тааныш-билиш дегендей таасири күчтүү. Азыркы бийлик үчүн оңой-олтоң саясий фигура эмес. Расмий бийликтин кичине бели бекчейип тургандан пайдаланып, арканды узун таштап турган учуру.

Айрым  белдүү саясатчылардын айтымында анын өлкөгө келишинин артында сырткы күчтөрдүн “колу” бар экендиги айтылып келет. Кезинде Атамбаевдин бийлиги анын мындай аракетин байкап калып, куугунтукка алганын коомчулук жакшы билет.

Текебаев Бабанов биригүүсү мүмкүнбү?

Кыргыз саясатында ар кандайлар болуп кетиши турган иш. Бу жээк менен тиги жээк бүгүн душман, эртең дос. Бул көндүм адатка айланганы качан. Текебаевдин Өмүрбек Бабанов премьер-министрлик кызматтан алып түшкөнү эле болбосо, анчалык деле бет келишпес душмандар эмес.

Биригип кетүү божомолун да четке кагууга болбойт. Бирок, Текебаевдин абактан кийинки айрым билдирүүлөрүнө караганда, азырынча бийлик менен тилектеш экендиги байкалат. Алардын биригүүсү бийликтин мындан кийинки кадамдарынан көз каранды болору айныксыз.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз