Тажикстандагы абактардын биринде нанга ууланып каза тапкандар жерге берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 8-июль күнү каза болгондордун сөөгүн жерге берүү аз адамдын катышуусунда жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен күч түзүм кызматкерлеринин көзөмөлүндө өттү. Журналисттердин тажияга катышуусуна жана каза тапкандардын туугандары менен сүйлөшүүсүнө уруксат берилген жок.

Эске салсак, 7-июлда Согди облусунда соттолгон 120 эркек жана 8 аялды үч унаа менен Дүйшөмбү, Нурек жана Яван шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип бараткан маалда, жаза аткаруучулар нанга ууланып, анын айынан 14 адам каза болгон.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаганын маалымдады.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз