Тажикстандын Хожент шаарында жайгашкан катаал режимдеги абактагы тополоңду басууда камактагы бир нече киши каза болду.

Маалыматка караганда, абактагы башаламандык 8-октябрга караган түнү башталып, аны токтотууга милициянын атайын даярдыктагы бөлүгү тартылган. Азырынча камактагылардын козголоңуна эмне себеп болгону белгисиз. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

«Козголоңчуларда бычактар болгон. Азырынча каза болгондордун саны белгисиз. Мага жеткен маалыматтар боюнча камактагы 25 киши качуу аракети маалында каза болгон. Айрымдары абактын аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Тополоң токтулуп, учурда тергөө иштери башталды», — деп билдирди өз булак.

Кечээ кечки саат 10 жарым, 11лерде абактын аймагында ок атуулардын үнү угулганы кабарланган. Бирок Жазаларды аткаруу кызматынын шаардык бөлүмү бул маалыматтарды четке какты.

Күбөлөрдүн айтымдарында, шаардын бардык көчөлөрүндө, ошондой эле коңшу Кыргызстан менен Өзбекстанга барчу унаа жолдордо күч түзүмдөрүнүн атайын посттору орнотулган. Азырынча тажик бийлиги Хожент түрмөсүндөгү козголоң тууралуу маалымат бере элек.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз