Тажикстанда таажылуу вирустун алдын алуу максатында 18-апрелден тарта мечиттерде намаз окууга тыюу салынды.

Мындай чечим өлкөдөгү Ислам борборунун Уламалар кеңеши тарабынан чыгарылды.

Чектөө  дүйнөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин күчүндө болот.

Уламалар кеңешинин чечимине ылайык, мечиттерде намаздын бардык түрүнө, анын ичинде Рамазан айында окула турган таравих намазына да тыюу салынды.

Ошондой эле, массалык түрдө ифтар өткөрүүгө да чектөө киргизилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.