22-майдан тарта Баткен облусунда Тажикстан менен чектеш айылдарда таажылуу вируска текшерүү иштери жүргүзүлө баштайт.

Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова билдирди.

“Азыркы учурда Тажикстанда таажылуу вирус боюнча абал күндөн-күнгө күчөп жатат. Биздин облус Тажикстан менен чектеш турат. Айрым айылдар өтө жакын болуп, кыргыз, тажик жарандарынын турак үйлөрү шахмат түрүндө жайгашкан. Ошондуктан биз чек ара аймактарында коопсуздук чараларын – чек арадагы көзөмөл өткөрмө бекеттердин, санитардык-карантиндик пункттардын иштерин күчөткөнбүз. 1-майдан баштап Тажикстандан биздин облуска 61 студент келген. Алардын ичинен 7 кишиден оору аныкталган. Ал 61 студент чек арадан обсервацияга алынгандыктан үйдөгү адамдары менен байланыша болгон жок”, – деди ал.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.