Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген. Мындай маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда таратты.

Ага ылайык, тажик тарап Кыргызстандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салып, тынч жашаган элди, чек араны коргогон аскерлерди, коопсуздукту камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматтардан, миномёттордон, бронетехникадан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышканы айтылат.

Ошондой эле башкы көзөмөл органынын маалыматында тажик аскерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна, “Кожожар”, «Кызыл-Бел» чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салып, Кыргызстандын калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышканы жазылган. “Натыйжада жай тургундардын өмүрү кыйылып, ондогон жарандар жараат алып, жарандык жана аскер объектилери талкаланып, зыянга учурады. Тажик аскерлеринин аракеттеринде алдын ала пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат” деп жазылган маалыматта. Бул фактыны Башкы прокуратура Жазык кодексинин 380-беренеси – «Тынчтыкка каршы кылмыштар» менен каттады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.