Тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алып алышты. Кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.

“Интернационал айылындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасындагы кыргызстандыктардын турак жайларын тажик аскерлери ээлеп алган. Ошол участкага жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда тажик жарандары аны барымтага алышкан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Соңку маалыматка караганда, Баткендеги айрым айылдар толук өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады. Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти. Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады.

Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду. Чек ара тозотторунун бешөөнө ок тийип, өрт чыккан. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.