Кечээ, жекшемби күнү Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышты. Алар 28-29-30-апрель күндөрү чек арада болгон куралдуу кагылышка эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө үндөп, тажик тараптын карапайым калкка ок атканын айыпташты.

Ар бир шаарда орто эсеп менен жыйырмага чукул адам чогулду. Алардын арасында чек арада өмүрү кыйылган жеткинчек кыз Мадинанын сүрөтүн кармап тургандар болду. «13 жаштагы Мадинанын өлүмүнө ким жооп берет? Карапайым элге тынчтык керек. Курал-жарак менен маселе чечилбейт. Карапайым элге каршы курал колдонуу – адамзатка каршы чыккынчылык. Балдардын өмүрүн кыюу – кечиримсиз. Чек ара такталсын. Эки элге достук жана тынчтык керек»,-деп билдиришти акцияга чыккандар.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.