Өзбекстандын Ташкент шаарында 50 ашпозчу бир чоң тай казанда сүмөлөк жасашты. Бул туурасында өзбек басылмалары жазды.

Ашпозчулардын айтымында,иш-чараны кайрымдуулук кылуу үчүн уюштурушкан. 8 тонна сүмөлөк бышкандан соң, балдар жана карылар үйлөрүнө таркатылып, калганы шаар тургундарына да берилген. 

Сүмөлөк жасоого жети тонна ун, үч миң литр суу кеткен. Андан сырткары, түрдүү татымалдар кошулган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.