Деги биздин коомчулук чындап эле кокуй болуп бараткандыгы абдан өкүнүчтүү.

Башкасы бүтүп, эми кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан ар кандай айла-амалдар менен арам “упай” алгысы келгендер арбып баратыр.

Учурда кайсы бир нойон соцтүйүндөргө “Ташиев тажиктерден кечирим сурады” деген монтаждалган арсыз видеону таратып, өзүнчө жыргап отурат.

Мынчалык акылга сыйбаган арсыз жорук менен атайылап Камчыбек Ташиевдин кадыр-баркына доо кетиргиси келген адамдар ыйык Рамазан айында абдан оор күнөө иш кылып жаткандыктарына кейибешке аргасызбыз.

Аттиң десе, ушунчалык кара өзгөйлүк менен Камчыкеге кыянатчылык кылуу абдан осол иш болууда.

Эми ошончолукка баргандар жок дегенде элди бир аз болсо да ишендиргилери келсе жакшылап эле монтаждаса болмок экен.

Анткен менен «калптын казаны кайнабайт» дегендей, элибиздин дээрлик көпчүлүгү чын менен калпты айдан ачык ажыратып билген учур азыр.

Анан да Камчыкенин катаал мүнөзү, элим-жерим деп соккон жүрөгү душмандардан эзели кечирим сурагыс экендигин кыргыз эли жакшы билет…

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.