Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев Баткендеги чыр чыккан аймакка жөнөп жатканын өзүнүн интернеттеги баракчасына жазып чыкты.

Кыргызстандын ар бир метр жери ал үчүн ыйык жана маанилүү экенин, бул кадамы пиар эместигин  жазды. Азыркы бийлик дагы мурдагыларга окшоп маселени чече албашын айтып, Баткенге жөнөп жатканын билдирди.

 

Урматтуу Кыргыз элим! Баткен жергесиндеги талаш жер учун баарына даярмын!Кээ бироолор айтышы мумкун "пиар" деп,бирок…

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Среда, 13 марта 2019 г.

Эске салсак, кечээ, 13-март күнү  Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жердин айынан жаңжал чыккан. Чек аралаш айылдагы тургундар бири-бирин ташбараңга алган. Анын кесепетинен эки тараптан тең бир нече адам жаракат алган. Ошондой эле тажик басылмалары алардын бир адамына ок тийгенин жазышууда. Кыргызстандан болсо бир үй өрттөлүп, алты адам жабыркаган белгилүү болгон. Бирок расмий маалыматтарда бир адам гана жараат алган.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз