ЖКнын мурдагы эл өкүлү Камчыбек Ташиев өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө саясий абал оор болуп жатканына өкмөттүн чабал иштеп жаткандыгы себеп.

“Өзүн толук актабаган саясий система өлкөдөгү саясий оор абалды жаратып жатат. Бул система менен иштеп жаткан өкмөттүн дагы, парламенттин дагы иши майнапсыз болуп жатканын көрүп жатабыз. Биз, түзүлгөн бузуку саясий системадан баш тартып, чыныгы өнүгүүгө алып келген саясий реформаны жүргүзүүнү сунуш кылабыз. Эгерде алар мындан баш тарта турган болсо, так айтып коеюн, аны биз элибиздин жардамы менен баары бир ишке ашырабыз. Эл арасында каймана айтылып жаткан жөндөмсүз өкмөттү таркатууну туура көрүп турам. Эл бул өкмөттүн курамынан тажады. Биз тараптагы кадам – өкмөттүн отставкага кетишин жана Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кол коюлган протоколду көрсөтүүсүн талап кылабыз”, –деди Ташиев.

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.