Улуттук тарых музейинин жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков өз билемдик менен 30-40 жылдан бери иштеген кызматкерлерди мыйзамсыз иштен алууда. Кол алдындагыларына тиешеси жок тапшырмаларды таңуулап, аткарбай койсо эскертүү берип, акыры жумуштан четтетүүдө. Кызматкерлер жетекчинин аракетин ашкерелөө үчүн Маданият министрлигине кайрылып, анын иши мыйзамсыз экенин далилдешкен. Ага карабастан кызматкерлер Алмакүчүковдун өз билемдиги уланып келе жатканын айтышууда. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.